Казакстандын борборунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен бороон-чапкындан аэропорт жабылып, бардык каттамдар токтотулду

Казакстандын борборунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен

бороон-чапкындын айынан аэропорт жабылып, бардык каттамдар токтотулду.

Аба каттамдарынан тышкары, Нур-Султанга кирип-чыкчу бардык жолдордо кыймыл чектелди.

Өзгөчө кырдаалдар департаменти мындай чечимин жол дээрлик көрүнбөй калышы менен

түшүндүрүүдө. Коммуналдык кызматтар тыгылып калган унааларды чыгарууга жардам берип жатат.

Ошондой эле бүгүн мектептердеги жана колледждердеги сабактар токтотулган.