Гулжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубуна өттү

Кыргызстан футбол курамасынын жарым коргоочусу

Гулжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубуна өттү.

Бул тууралуу Футбол федерациядан билдиришти.

Келишим 2 жылга жана 1 жылга узартуу шарты менен түзүлдү.

Белгилей кетсек, Алыкулов буга чейин, Беларусиянын «Неман» клубунда ойноп келген.