Кыргызстан жарандары дары-дармектерди 50 пайыз арзандатылган
түрдө ала алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, камсыздандырылган жарандардын
дары-дармектеринин наркынын жарымын аталган фонд же
мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. Арзандатуу пенсионерлерге,
жөлөк пул алгандарга жана 16 жашка чейинки мектеп окуучуларына тиешелүү.
Ал эми төлөнүүчү сумма жашаган жерге жараша өзгөрүп турат, — дешти мекемеден.