Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинданын фонду коронавирустун
жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү.
Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Фонд 5 миллион долларды Кытайга, калган 5 миллионду Африканын
Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборуна бөлдү.
Ошондой эле Кытайдын борбордук бийлиги Хубэй провинциясынын
Ухань шаарындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бюджеттен 43,2 миллион доллар бөлгөн.