Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо күнү бекитилди

Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо күнү бекитилди. Президент  Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңешине шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт.   Андан тышкары, бир нече айылдык, шаардык кеңештердин курамы алмашат. Алсак, Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештери, Ак-Талаа… Кененирээк…

Кыргызстандыктар таэквондо боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандыктар таэквондо боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришкендей,  мелдештер Алматада жыйынтыкталды, аларга 600дөн ашык спортчу катышты.   Биздин өлкө намысын   15 таэквондочу коргоп барып, Богдан Пягай, Сахиба Софиева, Алишер Рыспаев, Олжобай Садыров жана Ризат Акбаров чемпион аталышты.   Раиль Кутанов,… Кененирээк…

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүү сунушталды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүү сунушталды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштаган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.   Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, анда майып болгондор, Ленинград блокадачылары жана концлагердин жашы жете элек туткундары… Кененирээк…

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Белгилеп кетсек, Разаков өз каалоосу менен жазган арызына ылайык иштен алынды.   Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Бир жума мурда анын ыйгарым укуктарынан инвестиция, экономика жана ЕАЭБ ишмердиги боюнча жоопкерчиликтер алынган.

Инстаграмда жаңы функция пайда болду

Инстаграмда жаңы функция пайда болду. “Подписки” бөлүмү эми категорияларга бөлүнөт. Алсак, колдонуучу биринчиси “тыгыз байланышта” болгон достору болсо, кийинки категорияга эч эле баарлашпаган, лайктар коюлбаган колдонуучулар кирет.   Бул зарыл болгон учурда, экинчи категориядагы аккаунттарды өчүрүп салууга ыңгайлуу. Муну менен Инстаграмдын жетекчилиги кодонуучунун лентасында жалаң… Кененирээк…

Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты

Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,  бул 2018-жылга салыштырмалуу 451 миллион сомго көп.   5,5 миллиард сом мамлекетке кайра өндүрүлүп берилген. Былтыр Каржы полициясы коррупцияга байланыштуу 915 кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүшкө каттады.

Кытайда байланышка чыга элек кыргызстандыктар бар

Кытайда байланышка чыга элек кыргызстандыктар бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан Кытайда 4 миңден ашуун кыргызстандык студент окуйт. Алардын айрымдары каникулга үйлөрүнө кетишкен, айрымдары Кытайда калган.   Элчилик коронавирус коркунучунан улам, бардык кыргызстандыктар менен байланышып, аларга көмөктөшүүгө аракет кылууда. Бирок байланышка чыкпай жаткан мекендештер… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүү түйүндөрү кадимки режимде иштеп жатат. Чек арачылар паспорттук көзөмөл жүргүзүп, унааларды жана жүктөрдү текшерип жатат.   Белгилүү болгондой, Казакстандан 7-8-февралда биздин өлкөгө жапырт кирген казакстандыктар үйлөрүнө кайтты.   Эске салсак, анда чек арадан… Кененирээк…

Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катыша алат

Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катыша алат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Комиссиядан белгилешкендей,  шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.   Ага ылайык, чет мамлекеттеги кыргызстандыктар дипломатиялык өкүлчулүктөрдө ачылган тилкелерде добуш бере алышат. Кеп, мекендештердин басымдуу бөлүгү эмгектенген  Россия жана Казакстан тууралуу… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан улам 586 адам дарыгерлердин көзөмөлү алдында

Кыргызстанда коронавирустан улам 586 адам дарыгерлердин көзөмөлү алдында. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында вирус катталган жок. Эпидемиологиялык абал туруктуу.   10-февралга карата таратылган маалыматта стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар экени айтылат. Баарынын ден соолугу канааттандырарлык.  … Кененирээк…