Москвада коронавируска кабылган адамды туурап пранк уюштурган адам кармалды

Москвада коронавируска кабылган адамды туурап пранк уюштурган адам кармалды. Анын метролордун биринде вируска кабылып, кулап калган адамды туураган видеосу коомчулукка тарап, катуу сынга алынган. Тасмада блогер жыгылып  калганда жанында турган жигитке “Коронавирус жүрөт! Батыраак чыгып кеткиле!” деп кыйкырганын угууга болот. Ал эл арасында жалган маалымат таратып,… Кененирээк…

Кыргызстандын 4 спортчусу Күрөш боюнча Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын 4 спортчусу Күрөш боюнча Азия чемпионатына катышат. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынан Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова, Назира Марсбек кызы жана Айпери Медет кызы. Балбандар 57ден 76 килограмм салмак категориясында күч сынашат. Биринчиликте 10 топтом медаль ойнотулуп, Индиянын Нью-Дели шаарында 20-21-февралда өтөт.

Тыныстанов көчөсүндө №193 бала бакчаны куруу иштери уланууда

Тыныстанов көчөсүндө №193 бала бакчаны куруу иштери уланууда. Учурда эң төмөнкү кабаттын курулушу аяктап калды, жумушчулар тосмону орнотуп жатышат. Анда кир жуучу жай, ашкана жана техникалык бөлмө жайгашкан. Ал эми жер үстүндөгү 2 кабатта балдар үчүн оюн жана уктоочу  бөлмөлөр, музыка жана спорт залдар пайда… Кененирээк…

Ордо калаада көчөлөрдү оңдоо кийинки айда старт алат

Ордо калаада көчөлөрдү оңдоо кийинки айда старт алат. “Бишкектин көчө жана жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасында 60 көчө кайра калыбына келтирилет. Аталган жолдордун көбү кеңейтилет жана жаңыдан салынат. Ар биринде ирригациялык тармак, тротуар түшүрүлөт. Ошондой эле көпүрө куруу да бар. Курулуштун 2-фазасына 2 жыл керектелет.… Кененирээк…

Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсүндө 3 миллиард доллар айырма чыкты

Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсүндө 3 миллиард доллар айырма чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөгө Кытайдан 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон. Кытайдын маалыматы боюнча ал импорт 5 миллиард доллар көлөмүндө. Дал келбөөчүлүк эки тараптын эки башка көрсөткүчтөрүнө байланыштуу. Бул жагдай биз… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчиликти сактап калды

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчиликти сактап калды. Жаңыланган тизмени Бириккен күрөш дүйнөсү жарыялады. Анда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле биринчи орундан түшкөн жок.   Ал Нур-Султандагы дүйнө чемпионатынан алтын медаль утуп лидерликке чыккан. Учурда Тыныбекова 76 упайга ээлик кылат. Кыргызстандык спортчунун артында 40 упайы… Кененирээк…

Кытайдан кыргызстандык студенттерди эвакуациялоо уланат

Кытайдан кыргызстандык студенттерди эвакуациялоо уланат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда мекендештерди вирус жапырт чыккан жерден алып чыгуунун ар кандай жолдору каралып жатат. Кытайда 6 миңден ашык кыргызстандык билим алып келет.   Анын болгону 350сү биздин өлкөнүн дмипломатиялык өкүлчүлүгү менен тыгыз байланышта.   Тышкы иштер… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абад облусунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Токтогул районунда бийиктиги 30 сантиметрге жеткен кар жаады.   Андан улам, Бишкек-Ош трассасынын Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалар таңы саат 7ден кийин өткөрүлбөй жатат. Кар дагы эле жаап… Кененирээк…

Кыргызстандын мыкты спортчулары аныкталат

Кыргызстандын мыкты спортчулары аныкталат. Sports Awards салтанатынын алкагында номинациялар бекитилип, талапкерлер добуш берүүгө коюлду. Белгилеп кетсек, бул сыйлык дене-тарбия жана спорт тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.   Иш-чара быйыл 6-ирет өткөрүлөт. Добуш берүү  topsport.kg сайтында жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаардык кеңеши жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 автобус сатып алууну жактырды

Бишкек шаардык кеңеши жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 автобус сатып алууну жактырды. Вице-мэр Алмаз Бакетаев “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковго тиешелүү документтердин бардыгын даярдоону тапшырды.   Белгилеп кетсек, ордо калаага 520 автобусту лизингге алуу пландалууда. Бирок шаардык кеңеш токтомго өзгөртүү киргизип, коомдук транспортту бюджеттик… Кененирээк…