Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты

Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,  бул 2018-жылга салыштырмалуу 451 миллион сомго көп.

 

5,5 миллиард сом мамлекетке кайра өндүрүлүп берилген. Былтыр Каржы полициясы коррупцияга байланыштуу 915 кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүшкө каттады.