Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Белгилеп кетсек, Разаков өз каалоосу менен жазган арызына ылайык иштен алынды.

 

Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Бир жума мурда анын ыйгарым укуктарынан инвестиция, экономика жана ЕАЭБ ишмердиги боюнча жоопкерчиликтер алынган.