Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катыша алат

Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катыша алат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Комиссиядан белгилешкендей,  шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Ага ылайык, чет мамлекеттеги кыргызстандыктар дипломатиялык өкүлчулүктөрдө ачылган тилкелерде добуш бере алышат. Кеп, мекендештердин басымдуу бөлүгү эмгектенген  Россия жана Казакстан тууралуу болуп жатат. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо ушул жылдын октябрына белгиленген.