Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калкты текшерүү үчүн Россия эки автопоезд тапшырат

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калкты текшерүү үчүн Россия эки автопоезд тапшырат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык транспорт  “Ден соолук кербени” долбоорунун алкагында берилет.   Унаалар алыскы аймактардагы тургундарды медициналык текшерүүдөн өткөрүп, алдын алуу иштерин  жүргүзүүгө ылайыкташкан. Автопоезддер ушул жылдын ноябрында жеткирилет.

“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында жол кире карталарынын 3 түрү даярдалды

“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында жол кире карталарынын 3 түрү даярдалды. “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков биздин радиого билдиргендей, алар социалдык, стандарт жана мектеп окуучуларына арналган карталар.   Биринчи категориядагылар социалдык жеңилдиктер бериле турган жарандарга тапшырылат. Окуучулар колдоруна карталарды ушул жумада алып калат, —… Кененирээк…

Кыргызстанда малды идентификациялоонун биринчи этабы аяктады

Кыргызстанда малды идентификациялоонун биринчи этабы аяктады. Ветеринардык жана фитосанитардык коомсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдиргендей, ири жана кичи мүйүздүү малга, доңуздарга биркалар тагылып, маалыматтык базага киргизилди.   Жылкыларга эн тагуу, канаттууларды, балыктарды жана аарыларды идентификациялоо ушул жылдын аягына чейин аткарылат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Мэрия мектептерди газ менен жылытуу системасына өткөрүү ниетинде

Мэрия мектептерди газ менен жылытуу системасына өткөрүү ниетинде. Быйыл пилоттук долбоор катары калаадагы №19, №40, №41 жана №49 мектептер жылытуунун жаңы түрүнө өтөт. Мындан тышкары, жеке секторду, коомдук транспортту газга өткөрүү жана күндүн энергиясы менен иштөөчү батареяларды пайдаланууга өтүү каралып жатат. Аталган иштердин жүрүшү абага… Кененирээк…

Ошто убактылуу каттоого турууну милиция текшерип жатат

Ошто убактылуу каттоого турууну милиция текшерип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын өкүлү Наргиза Куватова кабарлады. Анын айтымында, шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын саны кескин көбөйдү. Жогорку окуу жайдын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу ММКларга жарыяланган. Аталган факты кылмыштар жана… Кененирээк…

Өзбекстандын ашпозчулары жасаган лагман Россиянын рекорддор китебине кирди

Өзбекстандын ашпозчулары жасаган лагман Россиянын рекорддор китебине кирди. Көлөмдүү тамакты жасоого дээрлик бир тонна азык-түлүк сарпталды. Аны менен миңден ашык адам азыктанса болот. «Интеррекорд» агенттиги расмий түрдө анын салмагы 798 килограмм деп каттады. Ал эми буга чейинки рекорд казак ашпозчулары жасаган 687 килограммдык лагманга таандык болчу.

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү соңуна чыкты

Былтыр июнь айынан баштап берилип келген убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү соңуна чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, документтерди туруктуу күбөлүктөргө алмаштыруу зарыл. Аны менен унаа башкаруу эреже бузуу фактысы катары катталат. Мындай учурда айдоочуга миң сом өлчөмүндө айып салынып, машина айып… Кененирээк…

Эми добуш сатып алууга аралашкан партиялар да жоопко тартылат

Эми добуш сатып алууга аралашкан партиялар да жоопко тартылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин добуш сатып алгандар же добуш саткандар жоопкерчиликке тартылса, эми укук бузууга күбө болгон коомдук бирикмелер, БШКнын мүчөлөрү укук коргоо органдарына кайрылса болот. Эске… Кененирээк…

«Фейсбук» күн сайын миллион фейк аккаунтарды өчүрүп жатат

«Фейсбук» күн сайын миллион фейк аккаунтарды өчүрүп жатат. Соцтармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул иштер саясий кампаниялар менен байланыштуу экенин билдирди. Анын айтымында, «Фейсбук» 2016-жылы АКШда өткөн шайлоолордогу жаңжалдан кийин колдонуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү саясатын жана алгоритмин өзгөрткөн. Анда Россия шайлоо кампаниясына кийлигишүүгө, бул иште «Фейсбукту» колдонууга… Кененирээк…

Бишкекте жазга карата жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат

Бишкекте жазга карата жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан бизге кабарлашты. Маалыматка караганда, учурда 4 райондо тең газон жана көчөт отургузууга даярдыктар жүрүүдө. Быйыл ошондой эле конуштарга бактарды отургузууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Учурда аларга карата суу маселеси чечилип жатат.… Кененирээк…