Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө ушул жылы эшигин ачат

Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө ушул жылы эшигин ачат. Маданият министрлигинен билдиришкендей, учурда имараттын айнектери алмаштырылып, жылуулук берүү системалары орнотулуп жатат. Ремонттук иштер былтыркы жылдын аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, маданият үйү ушул жылдын ичинде толук оңдоодон өтөт. Кошумчаласак, өкмөт былтыр оңдоо иштерине 198… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бүгүн кечки  саат 6га чейин Рухий-Мурас, Арча-Бешик конуштарында, Огонбаев, Жукеев Пудовкин, Жибек Жолу, Фрунзе, Абдраев жана Күреңкеев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жарык берүү кезеги менен токтотулуп турат. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.  

2 күндүк рейддин алкагында 1,5 миңге жакын эреже бузуу катталды

2 күндүк рейддин алкагында 1,5 миңге жакын эреже бузуу катталды. Милициянын кайгуул кызматынан novosti.kg ге билдиришкендей, мыйзам бузууларда мас абалда унаа башкаруу, терезени караңгылатып айдоо, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу жана башка фактылар катталды. Ошондой эле 176 унаа айып короосуна киргизилди жана башаламан токтотулган 87… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге 340,5 миң шайлоочу добуш бере алат

Жергиликтүү кеңештерге 340,5 миң шайлоочу добуш бере алат. Бул жалпы шайлоочулардын 10 пайызын түзөт. Боршайкомдун маалыматына караганда, добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси түзүлүп бүттү. Катталган жерин өзгөрткөн жарандардын паспортуна атайын белги коюлушу зарыл. Андай белгиси жок жарандар добуш берүүгө киргизилбейт. 22-февралдан тарта шайлоочулардын тизмеси тиешелүү… Кененирээк…

Кытайдын коронавирус жуктуруу үч күндөн бери азаюуда

Кытайдын коронавирус жуктуруу үч күндөн бери азаюуда. Хубей провинциясынын саламаттыкты сактоо комитети 12-февралда бир сутканын ичинде жуктуруп алгандардын саны 14 миң 840 адамга жеткенин билдирген. Ал эми 15-февралда 1 миң 843 адам жуктурганы катталып, бир кыйла азайды. Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту жуктургандардын саны — 66,5… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде 11 медалга ээ болушту

Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде 11 медалга ээ болушту. Спортчулар Балбай Дордоков, Султанбек Абдуллаев, Кайрат Түгөлбаев, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков жана Мурат Рамонов мелдеште биринчиликке жетип, 6 алтын медал тагынышты. Мындан тышкары башка спортчуларда 3 күмүш жана 2 коло байге бар. Мелдеш Россиянын Новокузнецк шаарында… Кененирээк…

“Салбуурун”Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук түрлөрүнө кирбейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук түрлөрүнө “Салбуурун” кирбейт. Мындай чечимди Дене тарбия жана спорт агенттиги кабыл алды. Агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, бүркүт салуу, тайган агытуу сыяктуу оюндардын бирдиктүү эрежеси расмий түрдө жазылган эмес. Көп өлкөлөрдө ойнолбойт, андыктан түшүнүксүз болуп калышы ыктымал. Белгилеп кетсек, Түркияда өтө турган… Кененирээк…

Казакстанда бир катар социалдык тармактардын иши үзгүлтүккө учурады

Казакстанда бир катар социалдык тармактардын иши үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле Youtube жана Google ачылбай, колдонуучулар интернеттин жай иштеп жатканын билдиришти. Ал эми Telegram тиркемеси бир нече күндөн бери ачылбай келет. Казакстанда социалдык тармактардын иши соңку бир нече жылдан бери үзгүлтүккө учурап, былтыр 9-майда жана 9-июнда… Кененирээк…

Ордо калаадагы маршруттук унаалар аялдаманын 20 пайызына гана токтошот

Ордо калаадагы маршруттук унаалар аялдаманын 20 пайызына гана токтошот. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, марттан баштап автобустарга жашыл түс менен, ал эми маршруттук унаалар үчүн аймак сары түс менен белгиленет. Көбүрөөк бөлүгү же 80 пайызы автобустарга бөлүнмөкчү.  Мындай иштер жол тыгындарын азайтуу… Кененирээк…

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 кыргызстандык студент карантинден чыгарылды

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 кыргызстандык студент карантинден чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, алардын абалы канааттандыраарлык. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардан вирустун белгилери катталган жок. Эске салсак, алар 2-февралда аэропортто текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге алынган.