Кытайдын коронавирус жуктуруу үч күндөн бери азаюуда.
Хубей провинциясынын саламаттыкты сактоо комитети 12-февралда
бир сутканын ичинде жуктуруп алгандардын саны 14 миң 840 адамга
жеткенин билдирген. Ал эми 15-февралда 1 миң 843 адам жуктурганы
катталып, бир кыйла азайды. Акыркы маалыматтарга караганда,
вирусту жуктургандардын саны — 66,5 миң. Анын ичинен 8 миңи сакайышты.