Соцтармак колдонуучулары эмне үчүн мактанышат?

Соцтармак колдонуучулары эмне үчүн мактанышат? Бул суроого россиялык психологдор жооп беришти. Адистердин айтымында, көпчүлүк учурда өзүнө толук ишенбеген, жакындарынын көңүл буруусуна муктаж болгон адамдар социалдык тармактарда өзүн бактылуу көрсөткүсү келет. Мындай адамдар коомчулуктан мактоо алып, жан дүйнөсүндөгү боштукту толтурат. Бирок адам өзүндө жок нерсени бардай… Кененирээк…

Бишкектин мектептеринде 1-класска кабыл алууга канча квота берилгени айтылды

Бишкектин мектептеринде 1-класска кабыл алууга канча квота берилгени айтылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп 400 орунду №82 орто мектеп берди. Ошондой эле көп орун берүү боюнча,  №86,96,76 мектептер аталды. Алардын ар биринде 360дан бала кабыл алынат. Эң аз орунду №61 мектеп-гимназиясы 20 балага… Кененирээк…

«Ювентус» менен «Милан» командаларынын оюну жылдырылды

«Ювентус» менен «Милан» командаларынын оюну коронавирустан улам жылдырылды. Оюн футбол боюнча Италиянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттеши болмок. Эми ал качан уюштурулаары белгисиз. Кошумчаласак, оюн бүгүн Туринде өтмөк. Италияда буга чейин да бир катар футболдук беттештер жылдырылып келгени маалым. Акыркы маалыматтарга караганда, Италияда 3 миңге… Кененирээк…

Кыргызстандык мушкер атаандашын 90 секундда утту

Кыргызстандык мушкер атаандашын 90 секундда утту. Нурсултан Маматалы уулу Иорданияда өтүп жаткан бокс боюнча лицензиялык турнирде биринчи беттеште жеңишке жетти. Маматалы уулу 69 килограмм салмакка чейинки спортчулар арасында күч сынап, мелдештин алгачкы беттешинде Тажикстандын спортчусун утту. Эми кыргызстандык мушкер эртең, жарым чейрек финалда индиялык Викаш… Кененирээк…

Бийлик жарандарды массалык иш чараларды өткөрбөөгө чакырат

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб жарандарды массалык иш чараларды өткөрбөөгө чакырат. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бул вирустун жайылышын алдын алат. Мындан сырткары жарандарга такталбаган маалыматтарга эмес, расмий билдирүүлөргө гана ишенүү сунушталат. Жалган маалымат таратуучулар жазаланат. Учурда өлкө аймагында вирустун учуру каттала элек, эпидемиалогиялык абал туруктуу.

Коронавирустан улам Японияда дээрлик бардык мектептер жабылды

Коронавирустан улам Японияда дээрлик бардык мектептер жабылды. Өлкөнүн билим берүү министри билдиргендей, мөөнөтсүз каникул 2-мартта башталды. Бирок Хонсю аралындагы Симанэ префектурасынын бийлиги аймакта вирус каттала электигинен билим берүү мекемелерин жабуудан баш тартты. Айрым мектеп кызматкерлери эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо, аларды… Кененирээк…

Ордо калаада спорттук сейил бак пайда болот

Ордо калаада спорттук сейил бак пайда болот. “Бишкек башкы курулуш” ишканасы билдиргендей, сквер Айтматов проспектисинин боюнда курулат. Ал убакытты кыймылдуу өткөрүүгө жана спорт менен машыгууга ылайыктанып салынат. Буга карата веложолчо, скейт-парк жана кичи футбол аянты каралды. Учурда жеринде пландык иштер жүрүп жатат. Шаардыктар үчүн сейил… Кененирээк…

Москвада өтө турган Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат

Москвада өтө турган Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди. Анын айтымында, Россия тарап кыргызстандык ардагерлердин жана аларды коштоп барган адамдардын жол чыгымын өз мойнуна алды. Учурда тизме такталып жатат. Иш-чараларга катыша тургандар ден соолугуна жана абалына жараша… Кененирээк…

Украинага жаңы премьер-министр дайындалды

Украинага жаңы премьер-министр дайындалды. Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Маалыматка караганда, буга чейин  вице-премьер кызматын аркалап келе жаткан Денис Шмыгалды парламент 291 добуш менен колдоду. Анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский көрсөткөн. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Алексей Гончарук өз каалоосу менен отставкага кетти.

«Тулпар» карталарын жүргүнчүлөр 15-мартка чейин алышы шарт

«Тулпар» карталарын жүргүнчүлөр 15-мартка чейин алышы шарт. novosti.kgнин журналисттери ордо калаадагы автобус, троллейбустардагы конструкторлордон маалымат алышты. Алардын айтымында, учурда карта менен төлөм жүргүзгөн жарандар болжолдуу түрдө 30 пайызды түзөт. Бул саат 3төн кечки 7ге чейинки көрсөткүч. Бул система тууралуу кеңеш берүүчүлөрдүн иш тартибине байланыштуу. Кошумчаласак, “Электрондук… Кененирээк…