Бийлик жарандарды массалык иш чараларды өткөрбөөгө чакырат

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб

жарандарды массалык иш чараларды өткөрбөөгө чакырат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бул вирустун

жайылышын алдын алат. Мындан сырткары жарандарга

такталбаган маалыматтарга эмес, расмий билдирүүлөргө

гана ишенүү сунушталат. Жалган маалымат таратуучулар

жазаланат. Учурда өлкө аймагында вирустун учуру

каттала элек, эпидемиалогиялык абал туруктуу.