Кыргызстандык мушкер атаандашын 90 секундда утту

Кыргызстандык мушкер атаандашын 90 секундда утту.

Нурсултан Маматалы уулу Иорданияда өтүп жаткан бокс

боюнча лицензиялык турнирде биринчи беттеште

жеңишке жетти. Маматалы уулу 69 килограмм салмакка

чейинки спортчулар арасында күч сынап, мелдештин

алгачкы беттешинде Тажикстандын спортчусун утту.

Эми кыргызстандык мушкер эртең, жарым чейрек финалда

индиялык Викаш Кирсан менен рингге чыгат. Кошумчаласак,

мелдеште Японияда өтө турчу Олимпиадалык оюндарга жолдомо ойнотулат.