Коронавирустан улам Японияда дээрлик бардык мектептер жабылды

Коронавирустан улам Японияда дээрлик бардык мектептер жабылды.

Өлкөнүн билим берүү министри билдиргендей, мөөнөтсүз каникул

2-мартта башталды. Бирок Хонсю аралындагы Симанэ

префектурасынын бийлиги аймакта вирус каттала электигинен

билим берүү мекемелерин жабуудан баш тартты. Айрым мектеп

кызматкерлери эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо,

аларды кабыл алышарын билдиришти. Ал эми окуучулар

апрелден тарта кайра мектепке кайтары күтүлүүдө.