Өзгөчө абал учурунда иштеп жаткан кызматтар

Өзгөчө абал учурунда иштеп жаткан кызматтар. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бардык Калкты тейлөө борборлору, жарандык абалдын актыларын каттоо аймактык бөлүмдөрү, «Унаа» мамлекеттик ишканасы график боюнча иштеп жатат. Аталган  мекемелер эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин иштейт. Имараттарга санитардык тазалоо иштери… Кененирээк…

Жарандар маршруттук баракчаны жанында алып жүрүүсү шарт

Жарандар маршруттук баракчаны жанында алып жүрүүсү шарт. Бишкекте бүгүнтөн тарта өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу, күндүз көчөгө үч себеп менен гана чыгууга болот. Эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага жана медициналык мекемелерге барууга чыккандардын жанында каттам тууралуу маалымат сөзсүз болушу зарыл. Маршруттук… Кененирээк…

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу 30 миң экспресс-тест сатып алат

Кыргызстан Кытайдан коронавирус инфекциясын аныктоочу 30 миң экспресс-тест сатып алат. Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык каражаттардын баасы 112 миң долларга бааланды. Жакынкы күндөрү алар Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирилет. Буга чейин Кыргызстан коронавирусту 20 мүнөттө аныктай турган 5 миң  экспресс-тест сатып алган.

Казакстан транзит менен кыргызстандык жүк ташуучу унааларды өткөрө баштады

Казакстан транзит менен кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын экинчи колоннасын өткөрө баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Биздин өлкөнүн айдоочулары Иран аркылуу Азербайжан, Россия жана Казакстандын аймагынан Кыргызстанга багыт алган. Учурда Казакстандын аймагына 19 унаа киргизилди, алар мындан ары коңшу өлкөнүн кайгуул… Кененирээк…

Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евро которду

Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евро которду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Каражат Барселона шаарынын ооруканасына берилди.   Буга чейин Германиянын “Бавария” клубунун оюнчулары Роберт Левандовский, Леон Горецка жана Йозуа Киммих дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евродон которушкан.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жарыяланды.   Бул өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу кабыл алынган чара. Каттоо качан башталат, кийин жарыяланат.

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.   Айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө.   Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык… Кененирээк…

Бишкекте такси кызматкерлери иштесе, унаа айып токтотмого жеткирилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылат

Бишкекте такси кызматкерлери иштесе, унаа айып токтотмого жеткирилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка караганда, өзгөчө абал учурунда коомдук транспорт каттабайт. Ошондой эле такси жана менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.  Учурда жол инспекторлору айдоочуларга түшүндүрүү иштерин… Кененирээк…

Ысык-Көлдө айылдар ортосунда каттоо убактылуу уруксаат берүүчү кагаздар аркылуу гана жүргүзүлөт

Ысык-Көлдө айылдар ортосунда каттоо убактылуу уруксаат берүүчү кагаздар аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Буга чейин ыкчам штаб бир айылдан экинчи айылга каттоого тыюу салган.  Айыл өкмөт башчылары башка калк жашаган түйүнгө барууга олуттуу себеп болгондо гана уруксаат берет. Талаптар… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги  жарандык активисттерди коронавирусту алдын алуу иштерине жардам берүүгө чакырат

Саламаттыкты сактоо министрлиги  жарандык активисттерди коронавирусту алдын алуу иштерине жардам берүүгө чакырат.   Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги Айнура Акматованын айтымында, активисттер ведомствонун чыгашаларын көзөмөлдөр, калк арасында үйдө отуруу керектиги тууралуу айтууга жардам бере алат.   Белгилеп кетсек, Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад, Ноокат жана Кара-Суу,… Кененирээк…