Бишкекте карантин зонасы түзүлдү

Бишкекте карантин зонасы түзүлдү. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдиргендей, Жибек Жолу, Ахунбаев, 7-Апрель жана Жаш Гвардия, Осмонкул, Салиев жана Чапаев көчөлөрүнө мамлекеттик жана медициналык кызматкерлер, күч органдарынын, банк системасынын кызматкерлери жана азык-түлүк, дары-дармек менен камсыздоочу жумушчулар гана күбөлүктүн негизинде кире алат. Аталган… Кененирээк…

Бишкекте 120 көзөмөл-тосмо жайлары уюштурулду

Бишкекте 120 көзөмөл-тосмо жайлары уюштурулду. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев  билдирди. Анын айтымында, ордо калаа аймагына коомдук коопсуздукту сактоо максатында чоң жана кичине, санитардык-карантиндик-көзөмөл өтмөктөрү түзүлдү. Андан тышкары райондор аралык кайгуул кызматынын жөө кызматкерлери иштеп жатат. Ленин району боюнча 20, Свердлов районунда 15, Октябрь району… Кененирээк…

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-мартта ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын тургуну кармалды.  Ал калаадагы турак үйлөрдүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат тараткан. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында коронавирус… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын расмий курсу дагы 1 сомго жогорулады

Кыргызстанда доллардын расмий курсу дагы 1 сомго жогорулады. Учурда Улуттук банктын сайтында бир доллар 79 сом 74 тыйын болуп турат. Муну менен доллар улуттук валюта сомго карата акыркы суткада 1,9 пайыз жогорудады.   Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 80 сомдон сатууда.  Кыргызстанда акыркы… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактары тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатат

Бишкектин айрым аймактары тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурга карата Ахунбаев-Бакаев, Ахунбаев-Токтоналиев, Медеров-Жукеев-Пудовкин, 7-апрель-Чүй проспекти көчөлөр кесилиши жабылды.   Милиция кызматкерлери унааларды өткөрбөй, тилкени айланып өтүүнү суранышууда.

Кытай Кыргызстианга гуманитардык жардам көрсөттү

Кытай Кыргызстианга гуманитардык жардам көрсөттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Кытай тарап медицина кызматкерлерине 10 миң респиратордук бет кап, 100 миң бир жолу колдонуучу бет кап, 1 миң жеке коргонуу каражатын берди.   Ошону менен катар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине  10 миң бет кап өткөрүлүп берилди. Жүк… Кененирээк…

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепте 35 миллион сом чогулду

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепте 35 миллион сом чогулду. Мамлекеттик кызматкерлер, уюмдардын өкүлдөрү жана жөн гана кайдыгер карабаган жарандар каражат которуусун улантууда.   Эске салсак, вируска каршы күрөшүү максатында атайын эсеп Каржы министрлиги  алдында ачылган. Учурга карата андагы акча сарптала элек.

Кыргызстанда эки дарыгер жана медайым коронавирус жуктурду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда эки дарыгер жана медайым коронавирус жуктурду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирет.   26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 44.  25-марттан              15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу… Кененирээк…

Индияда жаңы төрөлгөн кызга коронавирустун аталышынан ысым ыйгарышты

Индияда жаңы төрөлгөн кызга коронавирустун аталышынан ысым ыйгарышты. Анын аты Корона. Ымыркай Уттар Прадеш штатында 22-мартта коменданттык саат киргизилгенге аз калганда жарык дүйнөгө келген.   Анын жакындары кыз адамдардын коронавируска каршы күрөшүүдөгү биримдүүлүгүнүн символу болуп калат дешүүдө.

Ысык-Көлдө кайрадан кыш

Ысык-Көлдө кайрадан кыш. Түндө аймактын бир катар райондорунда кар жаады. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында учурда 3 сантиметр кар жатат.   Белгилеп кетсек, 26-мартта тоолуу райондордо кар жаайт деп буга чейин эле Кыргызгидрометтен билдиришкен. Айрым тилкелердеги жолдордо муз тоңду.