Кыргызстанда эки дарыгер жана медайым коронавирус жуктурду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирет.
26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 44. 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.