Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепте 35 миллион сом чогулду

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепте 35 миллион сом чогулду. Мамлекеттик кызматкерлер, уюмдардын өкүлдөрү жана жөн гана кайдыгер карабаган жарандар каражат которуусун улантууда.

 

Эске салсак, вируска каршы күрөшүү максатында атайын эсеп Каржы министрлиги  алдында ачылган. Учурга карата андагы акча сарптала элек.