Коронавирус менен күрүшүп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча каражат бериле баштады

Коронавирус менен күрүшүп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча каражат бериле баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алгач Чүй жана Ош облусунун ооруканаларынын 140 кызматкерине акча берилди. Алдыңкы 3 күндө өлкөнүн бардык аймактарындагы дарыгерлерге каражат которулат. Эске салсак, ар бир дарыгерге орто эсеп менен 46 миң сомдон, орто… Кененирээк…

Бишкекте банк терминалын уурдагандар аныкталды

Бишкекте банк терминалын уурдагандар аныкталды. Ордо калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, терминал Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөр кесилишинде жайгашып, анда 61 миң 500 сом бар болчу.   Терминалдын өзү 1,5 миң доллар турат. Факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Комендант белгилегендей, уурулар “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары… Кененирээк…

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи КМШ мамлекеттеринде онлайн-экскурсия үчүн мыкты музейлердин рейтингине кирди

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи КМШ мамлекеттеринде онлайн-экскурсия үчүн мыкты музейлердин рейтингине кирди.   ТурСтат порталынын маалыматында, ондукка Москвадагы Третьяков галереясы, Санкт-Петербургдагы орус музейи, Беларусиянын улуттук көркөм музейи, Алмата, Баку, Еревандын маданият үйлөрү жана Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы музей кирди.

Кыргызстанда доллар курсу дагы түшүп, 78 сомдук чекке жетти

Кыргызстанда доллар курсу дагы түшүп, 78 сомдук чекке жетти. Бүгүнкү  күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 77 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 78 сомго сатышууда.   Эске салсак, өткөн жумада доллардын куну 85 сомго жеткен. Валюта серпилүүсүн алдын алуу максатында Улуттук банк… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу учурлары азайбаса, өзгөчө абал режими узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу учурлары азайбаса, өзгөчө абал режими узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Ал белгилегендей, аны узартпоо үчүн жарандар санитардык-карантиндик талаптарды аткарышы зарыл.   Адамдар үйлөрүнөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгышы керек, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында,… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы беш медицина кызматкери аныкталды

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы беш медицина кызматкери аныкталды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, жаңы катталгандардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда.   Жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 вирусу жуккан дарыгерлердин жана башка медицина кызматкерлеринин саны 39 адам. Алар дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор жана… Кененирээк…

АКШда коронавирустун жайылышы эң бийик деңгээлге жетти

АКШда коронавирустун жайылышы эң бийик деңгээлге жетти. Президент Дональд Трамп белгилегендей, айрым штаттарда абал жакшыра баштады. Алардын арасында Нью-Йорк, Денвер, Луизиана бар.   Белгилеп кетсек, АКШда жалпысынан 468 миң 703 адам вирусту жуктуруп алды. 25 миңи ооруну жеңди.

Нарында кар көчкү баскан жолду тазалоо иштери уланып жатат

Нарында кар көчкү баскан жолду тазалоо иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 9-апрелге караган түнү Нарын — Өрүк-Там жолунун 65-чакырымында көлөмү 20 миң кубометр кар көчкү түшүп, жолду жаап калган.   Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине үч кызматкер жана атайын техника тартылды.

Коронавирус дүйнөлүк экономикага жалпысынан 5 триллион доллар зыян алып келет

Коронавирус дүйнөлүк экономикага жалпысынан 5 триллион доллар зыян алып келет. Мындай божомолдорду Bloomberg агенттигинин эксперттери берүүдө. Анда белгиленгендей, дүйнө 30-жылдардан берки эң терең рецессияга туш болот.   Буга бийликтин жеке бизнести токтотуп, адамдарды үйдөн чыгууга тыюу салганы себеп.

Кыргызстан мектептеринде жылдык бааларга төртүнчү чейрек таасирин тийгизбейт

Кыргызстан мектептеринде жылдык бааларга төртүнчү чейрек таасирин тийгизбейт. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүргөндөй, мугалимдерге биринчи үч чейрекке басым жасоо сунушталды.   Анткени, үй шартында билим алууга ар кандай шарттар болгонун эске алуу керек. Айрымдарында үйдө сыналгы, компьютер жана интернет жок болушу мүмкүн.… Кененирээк…