Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы беш медицина кызматкери аныкталды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, жаңы катталгандардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда.
Жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 вирусу жуккан дарыгерлердин жана башка медицина кызматкерлеринин саны 39 адам. Алар дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор жана ашканада иштегендер.
10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 298, алардын бешөө көз жумду.