Кыргызстанда доллар курсу дагы түшүп, 78 сомдук чекке жетти

Кыргызстанда доллар курсу дагы түшүп, 78 сомдук чекке жетти. Бүгүнкү  күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 77 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 78 сомго сатышууда.

 

Эске салсак, өткөн жумада доллардын куну 85 сомго жеткен. Валюта серпилүүсүн алдын алуу максатында Улуттук банк интервенция менен чыккан болчу.