Бишкекте кечээ жааган кар 60 бакты кулатты

Бишкекте кечээ жааган кар 60 бакты кулатты. “Бишкек жашыл чарба” ишканасынан  билдиришкендей, ордо калааны сынган бутактардан, кулаган бактардан тазалоого 120 кызматкер жана 15 атайын техника тартылды.   Шаар тургундарына бак-дарактардын алдына унааларды токтотпоо сунушталат, — дешти муниципалдык ишканадан.

Жүк ташууга уруксат берүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уланууда

Жүк ташууга уруксат берүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уланууда. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, буга чейин аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине нота жиберилген.   Ошондой эле, жүк ташуучулар менен биргеликте жүктү коопсуз ташуу боюнча  алгоритм түзүлдү. Кыргызстан тарабынан сунуштар киргизилип, алар учурда Кытайдын кароосунда. Эске… Кененирээк…

Түндө 50 адам коменданттык саатты бузуп, жети автоунаа токтотулду

10-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин 50 адам бузган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, жети автоунаа айып короого киргизилген.   Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 18 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 18 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. Анын айтымында, катталгандардын бирөө Бишкек, сегизөө Чүй облусунда, Жалал-Абадда үчөө, Ысык-Көлдө бир адам.   Ушуну менен Кыргызстанда вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти.

Непалда коомдук коопсуздукка носорог көз салууда

Непалда коомдук коопсуздукка носорог көз салууда. Жаныбар кандайдыр бир жол менен Улуттук парктан чыгып кетип, шаар аралаган. Көчөдө адамдарды көрүп аларды кубалады.   Андан кийин кайра өзү паркка кайтып келди. Видеосун көргөн интернет колдонуучулар тамашалагандай, носорог карантин режимине көз салып, тартип бузгандарды үйлөрүнө кубалоого жардам… Кененирээк…

Жаңы биометрикалык ID-карталарда каттоого турган дарегин онлайн текшерсе болот

Жаңы биометрикалык ID-карталарда каттоого турган дарегин онлайн текшерсе болот. Мамлекеттик каттоо кызматы эскертет, аталган кызмат portal.srs.kg сайтында жеткиликтүү.   Жарандар анда “Каттоо дареги” деген бөлүмдү ачып, ПИН жана ID-картанын номурун териши керек, алынган маалыматты скрин-шот кылуу сунушталат. Аны менен өзгөчө абал учурунда шаардагы посттордон өтүү… Кененирээк…

Мамлекеттик башкы санитардык дарыгер болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды. 58 жаштагы Үсөнов буга чейин Карантиндик инфекция бонча республикалык борбордун жетекчисинин орун басары болуп иштеген.   Буйрукка  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейинки башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу менен… Кененирээк…

Ат-Башы районунда катуу шамалдан 18 турак-жай жана курулуштар жабыркады

Ат-Башы районунда катуу шамалдан 18 турак-жай жана курулуштар жабыркады. novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айрым тургундардын үйлөрүнүн чатырлары учса, кээ бирлердики чарба курулуштары урады.   Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, чыгымдарды эсептеп жатат. Эске салсак, А-Башыда ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен шамал 8-апрелде кечинде катталды.

Кыргызстандыктар коронавируска каршы күрөшүүгө 124 миллион сомдон ашык которушту

Кыргызстандыктар коронавируска каршы күрөшүүгө 124 миллион сомдон ашык которушту. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.   Анын айтымында, каражат ведомствонун депозиттик эсебине, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине түшүп жатат. Чогулган акча коронавирустун очогу болуп эсептелген аймактарда иштеген дарыгерлерге… Кененирээк…

АКШда коронавирус менен ооругандардын саны дээрлик жарым миллионго жетти

  10-апрелге карата дүйнө жүзүндө «Ухан вирусу» менен жабыркагандардын саны 1 миллион 596 миң 496 болду. Айыккандардын саны — 354 миң 6, каза болгондор — 95 миң 506.   Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунга чыккан АКШда 462 миң 135 жаран жабыркап жатат. Илдеттен 25 миң… Кененирээк…