Бишкекте банк терминалын уурдагандар аныкталды

Бишкекте банк терминалын уурдагандар аныкталды. Ордо калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, терминал Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөр кесилишинде жайгашып, анда 61 миң 500 сом бар болчу.

 

Терминалдын өзү 1,5 миң доллар турат. Факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Комендант белгилегендей, уурулар “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары аркылуу аныкталды.