Бишкекте коменданттык саат кыскарды

Бишкекте коменданттык саат кыскарды.

Бул тууралуу комендант Алмазбек Орозалиев билдирет.

Анын айтымында, эми ордо калаада коменданттык саат кечки 9дан таңкы 6га чейин болот.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон, аны Жогорку кеңеш колдоду.

Белгилеп кетсек, өзгөчө абал режими киргизилген Ош,

Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак

райондорунда дагы коменданттык саат убактысы кыскартылды.