Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант берди

“Республика – Ата Журт” партиясынын тизмеси менен шайланып келген Айгерим Бейшембаев жана “Кыргызстан” саясий партиясынын жаңыдан мандатка ээ болгон депутаты Саматбек Ибраев депутаттык кызматка киришип жатып, ант беришти.

 

Булар өткөн жумада Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алышкан.

15-апрелдеги парламент жыйынында жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү да ант беришет.

 

15-апрелде парламент өкмөттүн эпидемиологиялык кырдаал учурунда кылган иши тууралуу маалыматын угат. Анда мигранттар маселеси, каржылоо, айыл чарба иштери жана башка маселелер бар.

 

Ошондой эле депутаттар Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу тууралуу президенттин жарлыгын карашат.

 

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

 

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди.