Индияда жолборстор адамдарга кол салууда

Индиянын Махараштра штатында жолборстор саналуу күндө эле 5 адамды өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Карантинге байланыштуу жашоочулар үйлөрүнөн чыкпай, токойлордон жапайы жаныбарлар айылдарга, шаарларга келип калгандыгы тууралуу буга чейин жазылган.   Индияда жолборстордун адамдарга кол салуусу 13-апрелден башталып, алгач токойго барган… Кененирээк…

Кытайда коронавируска байланыштуу каникулдан кийин окуучулар мектепке барып баштады

Дүйшөмбүдөн тарта Пекинде жана Шанхайда он миңдеген окуучулар мектепке барып башташты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, Шанхайда орто жана жогорку мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн сабактар ​​кайрадан башталат. Пекинде болсо быйыл университетке өтүү үчүн экзамен тапшыра турган жогорку класстын окуучуларына гана… Кененирээк…

Ошто дезинфекция иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө

Ош шаарында сейил бак, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, короолорунда дезинфекция иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Ош шаардык мэрия кызматкерлери, ички иштер башкармалыгынын жетекчилери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү шаардагы дезинфекция иштери болгон аймактарга барып, текшерүү жүргүзүштү.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус менен 165 бейтапты дарылоого 3 миллион сомдон ашык сарпталды

Кыргызстанда коронавирус жуккан 165 бейтапты оорукана шартында дарылоого Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММКФ) 3 миллион 98 миң сом сарпталды. Бул тууралуу 27-апрелде фонддун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.   Анын айтымында, обсервацияда жаткан 1794 адамга медициналык байкоо жүргүзүүгө 5 миллион 264 миң сом бөлүнүп берилген. 24-апрелде… Кененирээк…

Россия ооруган адамдардын саны боюнча Кытайдан ашты

Россияда соңку бир күндүн ичинде 6200гө жакын адамдан коронавирус чыкты. Дагы 50 киши бул илдеттен көз жумду. Ошентип бул өлкөдө ооруга кабылгандардын саны 87 миңден ашып, мындай көрсөткүчтөр менен Кытайды басып өттү жана дүйнөдө тогузунчу орунга чыкты.   Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандар үч миллион адамга… Кененирээк…

“Өлбөс полк” акциясы быйыл онлайн-режимде өтөт

“Өлбөс полк” акциясы быйыл онлайн-режимде өтөт. Жыл сайын 9-майда ар бир шаарда миңдеген адам Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу болгон жакынынын сүрөтү менен жүрүшкө чыкчу. Эпидемиологиялык абалдан улам, акция быйыл өткөрүлбөйт.   Каалоочулар   9-майда саат 10до сүрөттү социалдык тармактарга жайгаштырып, “өлбөс полк”, “9-май Кыргызстан”, “Жеңиш… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 3-майга чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүүгө алып келиши мүмкүн.   Жарандарга этият болуу сунушталат.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн программасы жеңилдетилбейт

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн программасы жеңилдетилбейт. novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батракеева билдиргендей, мектептердеги дистанттык окутуу формасы ЖРТга таасирин тийгизбеши керек.   Борбордун сайтында тестке даярдануу үчүн зарыл булактар бар. Белгилеп кетсем, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо качан башталары карантинден кийин… Кененирээк…

Бишкекке 100 жаңы автобусту кытайлык компания жеткирет

Бишкекке 100 жаңы автобусту кытайлык компания жеткирет. Тендердин жеңүүчүсүн атайын комиссия аныктады, — деп билдиришти мэриядан. Транспортту сатып алууга сынак кышында жарыяланган.   Бул максатта бюджеттен 650 миллион сом бөлүнгөн.   Мэриядан белгилешкендей, ар бир автобус 70тен кем эмес жүргүнчүнү батыра алат. Транспорт пандустар жана… Кененирээк…

Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты

Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты. Кыргызстанда биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди германиялык компания утуп алды.   Ишкана бул кызматы үчүн  655 миллион  645 миң сом сунуш кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Ведомство биометрикалык паспорт басып чыгарууга   973… Кененирээк…