Кыргызстанда коронавирус менен 165 бейтапты дарылоого 3 миллион сомдон ашык сарпталды

Кыргызстанда коронавирус жуккан 165 бейтапты оорукана шартында дарылоого Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММКФ) 3 миллион 98 миң сом сарпталды. Бул тууралуу 27-апрелде фонддун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

 

Анын айтымында, обсервацияда жаткан 1794 адамга медициналык байкоо жүргүзүүгө 5 миллион 264 миң сом бөлүнүп берилген.

24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирус жуккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллардай сарпталып жатканын айткан.

 

Бул билдирүү социалдык тармактарда талкууга алынып, дарылоого кеткен акча анча болбой турганы айтылган.

 

25-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар акысыз дарыланарын, дары-дармек, медициналык каражаттар жана ооруканадагы тейлөө бюджеттен төлөнөрүн билдирип:

 

«Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7988 сом (жеңил), 16 370 сом (орто), 74 764 сом (оор), 118 807 сом (өтө оор) сарпталат», — деп айткан.

 

18-марттан 27-апрелге чейин коронавирус жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 695ке жетти, алардын сегизи каза болду. 395 бейтап айыгып чыкты.