Материалдык резервдер фондундагы ун арзандатылган баада сатылат

  Материалдык резервдер фондундагы ун арзандатылган баада сатылат.   Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Азаттыкка” билдиргендей, матрезервдин 1-сорттогу бир кап унун 1 миң 400 сомдон сатуу пландалууда.   Бул үчүн өкмөттүн тапшырмасы менен атайын жайлар даярдалып жатат. Белгилеп кетсек, карантин киргизилген алгачкы күндөрү Кыргызстанда… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада дагы 21 бейтап айыкты

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада дагы 21 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 3, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 9, Нарында 1 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын саны 416га… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 3 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны үч миллиондон ашты. Бул туурасында Жонс Хопкинс атындагы университеттин сайтындагы статистикада жазылган. 28-апрелге карата Жер планетасында жалпы 3 миллион 41 миӊ 764 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен 211 миӊ 167 киши өмүрү менен кош айтышты. COVID-19 АКШда тездик менен… Кененирээк…

Мавритания COVID-19 вирусун жеңгенин жарыялаган алгачкы өлкө болду

Мавритания COVID-19 вирусун жеңгенин жарыялаган алгачкы өлкө болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы күндөрү вирустан көз жумгандар катталбаганын жана коронавируска тесттер терс чыгып жатканын билдирди.   Мавританияда жалпысынан вирустун 17 учуру катталган. Биринчисинен кийин эле чек аралар, мектептер, ресторандар жана базарлар жабылган болчу. Бийлик түнкү коменданттык… Кененирээк…

Өлкөдө доллар бир суткада 80 тыйынга арзандады

Өлкөдө доллар бир суткада 80 тыйынга арзандады. Бүгүнкү күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 78 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 79 сом 50 тыйынга сатышууда.   Эске салсам, марттын аягында доллар куну кескин көтөрүлүп, 85 сомго жеткен болчу. Серпилүүнү алдын алуу үчүн… Кененирээк…

28-апрелге карата коменданттык саатта 72 жаран кармалды

28-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат убагында ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бишкек шаары– 57; Ош шаары — 3; Жалал-Абад шаары — 1; Сузак району — 4; Нарын шаары — 2; Ат-Башы району — 5. Ал… Кененирээк…

Шашылыш билдирүү

Шашылыш билдирүү. Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал башталды. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал ушул саатта жана бүгүн күндүз дагы катталат.   Буга байланыштуу, жарандарга этият болуп, унааларды бак-дарактардын, жеңил конструкциялардын алдына токтотуу сунушталбайт.

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 3, Чүйдө 6, Нарында 2, Жалал-Абад облусунда 2 учур катталды.   Анын ичинде бир дарыгер, бир медайым бар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 708… Кененирээк…

АКШда аял кошунасына жардам берем деп байыды

АКШда аял кошунасына жардам берем деп байыды. Ал жанында жашаган эркектин суранычы менен азык-түлүк сатып алууга дүкөнгө барган. Маркетте ал бир нече лотерея билеттерин сатып алууну туура көрөт.   Анын бири аялга 250 миң доллар алып келди. Билеттин бактылуу ээси жаңы үй сатып алуу ниетинде.

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсепке 134 миллион сом которулду

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсепке 134 миллион сом которулду. Өкмөт аппаратынан демөөрчүлөр жана катардагы жарандардан чогулган акчанын 38 миллион сому  медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн коротулганын билдиришти.   Андан тышкары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 16 миллион сом чогулду. Ал… Кененирээк…