Ошто дезинфекция иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө

Ош шаарында сейил бак, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, короолорунда дезинфекция иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Ош шаардык мэрия кызматкерлери, ички иштер башкармалыгынын жетекчилери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү шаардагы дезинфекция иштери болгон аймактарга барып, текшерүү жүргүзүштү. Буйрукка ылайык, Ош шаарынын көчөлөрүндө, сейил бак, көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна, подъезддерине дезинфекция жасалмак. Иш-чаранын алкагында калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карантин эрежелерин сактоого чакырды.