Президент Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгына кол койду. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими узартылат.

 

Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.