Ош облусунда коопсуз аймактарда жашагандар көчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы кооптуу аймактарда жашаган жарандарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү үчүн чатырлар тигилип жатат.
Белгилеп кетсек, облуста 2 миң 406 үй-бүлө жер көчкү ыктымалдуулугу жогору болгон аймактарда жашап келет. Буга байланыштуу, ар бир райондо 20дай чатыр тигилди.