Кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү бекети убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү бекети убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 30-апрелден 5-майга чейин Кытайда “Эмгек күнү” белгиленгендиктен түйүн жабык болот.

 

6-майда жүк өткөрүү жанданат. Кошумчаласам, Алай районундагы “Иркештам” — Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда азыр иштеп жаткан жалгыз бекет.