Кыргызстанда эмдөө жумалыгынын алкагында 65 көчмө бригада иштейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, карантинге байланыштуу пландуу эмдөө убактылуу токтотулган болчу. Февраль-апрель айларында кызамык менен кызылчага каршы, төрөт үйлөрүндө ымыркайларды БЦЖ жана гепатитке каршы гана эмдөө жүрүп жатты. Эми пландык эмдөөлөрдүн бардыгы жасалат, — деди Инешапысова.