Үймө-үй кыдырып текшерүүдө КОВИД-19 35 адамдан аныкталды

Үймө-үй кыдырып текшерүүдө КОВИД-19 35 адамдан аныкталды. Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев билдиргендей, Ош шаары жана Ат-Башы районунун 114 аймагында 508 миң адам текшерүүдөн өттү. Эске салсак, коронавируска карата үймө-үй кыдырып текшерүү башталаары жана вирустун жугуу жолдоруна эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлөөрү жарыялаган болчу. Учурда кыргызстанда 746 адам вируска… Кененирээк…

Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 8, Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 1, Нарында 6, Ысык-Көлдө 1 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экинчи тур 27-июлга, үчүнчү тур 3-августка белгиленип жатат.   Ал эми адистештирилген билим берүү мекемелери документтерди 1-июлдан тарта кабыл ала баштайт. Кошумчаласам, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 10-13-июль аралыгында чыгат.

Ооруканаларда бейтаптарды пландык кабыл алуу өзгөчө абал режими алынгандан кийин башталат

Ооруканаларда бейтаптарды пландык кабыл алуу өзгөчө абал режими алынгандан кийин башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдиргендей, учурда медициналык жайлар чукул жеткирилген оорулууларды гана кабыл алууда.   Эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин ооруканалар кадимки режимде иштеп баштайт, — деди Калмаматов.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-майдан 15-майга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-майдан 15-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Ал белгилегендей, тестирлөөнүн өзү 2 этап менен 21-22-июнга белгиленди.   Бул үчүн мекемелер атайын дезинфекциядан өтүп, абитуриенттердин ортосундагы коопсуз аралыктын сакталышы көзөмөлгө алынат, — деди чиновник.

Президенттин айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгын парламент бекитти

Президенттин айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгын парламент бекитти. Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген.   25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып өзгөчө абал Нарын… Кененирээк…

Араван районунда сел жүрдү

Араван районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен Керме-Тоо айылында сел жүрүп, Чөгөм айылына баруучу жолду жаап калды.   Жабыркагандар жок. Трассаны ылай массасынан тазалоого жол кызматтары жана атайын техника тартылды.

Түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 110 адам кармалды

Бейшембиге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 110 киши бузуп, милиция бөлүмдөрүнө алып келинди. Үч автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.   Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары,… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилер каттамга эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин гана чыгат

Бишкекте маршруттук таксилер каттамга эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин гана чыгат. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, кичи автобустарда коронавирус жайылуусунун коркунучу чоң.   Андыктан, аларды азырынча каттамга чыгарбай туруу чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсем, 1-майдан тарта 3 этап менен айрым ишкана, уюмдар иштеп баштайт. Ал эми автобус,… Кененирээк…