Бишкекте маршруттук таксилер каттамга эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин гана чыгат

Бишкекте маршруттук таксилер каттамга эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин гана чыгат. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, кичи автобустарда коронавирус жайылуусунун коркунучу чоң.

 

Андыктан, аларды азырынча каттамга чыгарбай туруу чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсем, 1-майдан тарта 3 этап менен айрым ишкана, уюмдар иштеп баштайт. Ал эми автобус, троллейбустар каттамга 11-майдан тарта чыгат.