Араван районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен Керме-Тоо айылында сел жүрүп, Чөгөм айылына баруучу жолду жаап калды.
Жабыркагандар жок. Трассаны ылай массасынан тазалоого жол кызматтары жана атайын техника тартылды.