Ооруканаларда бейтаптарды пландык кабыл алуу өзгөчө абал режими алынгандан кийин башталат

Ооруканаларда бейтаптарды пландык кабыл алуу өзгөчө абал режими алынгандан кийин башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдиргендей, учурда медициналык жайлар чукул жеткирилген оорулууларды гана кабыл алууда.

 

Эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин ооруканалар кадимки режимде иштеп баштайт, — деди Калмаматов.