Бишкекке кирүүдө коронавируска тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт

Бишкекке кирүүдө коронавируска тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мери Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, посттордо жарандар салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жеринен маалымкат көрсөтсө – жетиштүү болот.   Медицина кызматкерлери ар бир жарандын дене табын текшерет. Эске салсак, Чүй облусунда Бишкектин тегерегинде … Кененирээк…

Коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларына катышкан милиция жана аскер кызматкерлерине компенсациялык кошумча каражаттар берилет

Коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларына катышкан милиция жана аскер кызматкерлерине компенсациялык кошумча каражаттар берилет. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишендирүүдө.   Ал белгилегендей, тиешелүү мыйзам жана өкмөттүн чечими бар. Бул жаатта маселелер жаралбашы керек. Каражат дагы жетиштүү, — деди премьер-министр.  Өкмөт башчы ошондой эле, бюджеттик кызматкерлерге жана… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант беришти

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов ант беришти.   «Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышып, мандатын тапшырышкан. Алардын ордуна партиянын тизмесине ылайык Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов келди.   Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутаттардын иштерине ийгиликтерди каалады.

Дүйнөдө коронавирустан 1,5 миллион адам айыкты

Дүйнөдө коронавирустан 1,5 миллион адам айыкты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, сакайгандардын эң көбү, же 243 миң 430 адам АКШга туура келет.   Ал эми Россияда 48 миң адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кыргызстанда болсо 726 адам вирусту жеңди. Белгилеп кетсек, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны… Кененирээк…

Быйыл февралда 3 шаарда массалык түрдө каттоого тургандар шайлоо тизмесине киргизилген жок

Быйыл февралда 3 шаарда массалык түрдө каттоого тургандар шайлоо тизмесине киргизилген жок.   Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Жергиликтүү кеңештин депутатын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, тизмеге ошол жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгондор гана кире алат. Мүчөлүк паспорттогу тийиштүү белги менен тастыкталат.   Эске… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине компенсация берүү башталды

Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине компенсация берүү башталды. Вирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.   Каражат Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине которулду.

Ош облусунда түндө жер титиреди

Ош облусунда түндө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзаланын күчү 5 баллга жетип, очогу Алай районунун Нура, Иркештам айылдарынын жанында орун алды.   Ал эми Икизяк, Көк-Суу, Кара-Киндик айылдарында жер алдындагы силкинүүлөр 4 балл болуп сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ош облустук жана Нарын райондук сотунун судьялары өз каалоосу менен иштен кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу менен Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиев, Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Судьялар өз каалоосу менен иштен бошотулган.   Ал эми Судьялар кеңешинин сунушу… Кененирээк…