Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант беришти

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов ант беришти.

 

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышып, мандатын тапшырышкан. Алардын ордуна партиянын тизмесине ылайык Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов келди.

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутаттардын иштерине ийгиликтерди каалады.