Ош облусунда түндө жер титиреди

Ош облусунда түндө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзаланын күчү 5 баллга жетип, очогу Алай районунун Нура, Иркештам айылдарынын жанында орун алды.

 

Ал эми Икизяк, Көк-Суу, Кара-Киндик айылдарында жер алдындагы силкинүүлөр 4 балл болуп сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.