Коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларына катышкан милиция жана аскер кызматкерлерине компенсациялык кошумча каражаттар берилет. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишендирүүдө.
Ал белгилегендей, тиешелүү мыйзам жана өкмөттүн чечими бар. Бул жаатта маселелер жаралбашы керек. Каражат дагы жетиштүү, — деди премьер-министр. Өкмөт башчы ошондой эле, бюджеттик кызматкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге айлыктар, пенсиялан жана социалдык пособиелер өз маалында берилет, — деп ишендирди.