Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине компенсация берүү башталды

Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине компенсация берүү башталды. Вирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

 

Каражат Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине которулду.