Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 12 пост иштеп жатат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 12 пост иштеп жатат. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, Чаткалга кирип-чыгууга тыюу салынган. Облуста элдин кыймылын көзөмөлдөө үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эске салсак, буга чейин Чаткал районунда медицина кызматкерлери жана калк ортосунда жаңжал чыккан. Буга жергиликтүү… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун өтүү мөөнөтү белгисиз

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун өтүү мөөнөтү белгисиз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, баары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Эске салсак, Кыргызстанда 12-апрелде 5 шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Дүйнөлүк банк Ош облусун өнүктүрүүгө жана колдоого 60 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Ош облусун өнүктүрүүгө жана колдоого 60 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.   Анын айтымында, каражаттын жарымы карантинден кийин туризмди өнүктүрүүгө жумшалат. Калган бөлүгү жол куруу, таза суу системасын салуу жана маданият тармагын жакшыртууга… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылбайт

Өлкө мектептеринде аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылбайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, учурда бүтүрүүчүлөргө документтерди тапшыруунун жол-жобосу иштелип жатат.   Окуучуларды бирден чакырып эле тапшыруу каралууда. Бул коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жасалып жатат. Эске салсак, өлкө мектептеринде быйыл акыркы коңгуроо салтанаты дагы өткөрүлбөйт.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 9 адам айыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 9 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 5, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Нарында 1 адам ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 735ке жетти.

Кыргызстанга Кувейт жана Катардан 107 жаран келди

Кыргызстанга Кувейт жана Катардан 107 жаран келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, кыргызстандыктар Эль-Кувейт-Доха-Бишкек каттамы менен жеткирилди.   Алар эми обсервацияга жаткырылат. Белгилеп кетсек, буга чейин министр Чыңгыз Айдарбеков чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтаруу суранычы менен 8 миң кыргызстандык кайрылган.

Баткенде жаандан кийин суу ташкындап, күрүч эгилген талааны жууп кетти

Баткенде жаандан кийин суу ташкындап, күрүч эгилген талааны жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында кечээ кечинде нөшөрлөгөн жаан жааган.   Жаркыштак айылында арыктагы суу ашып, 50 сотых күрүч талаасын каптады. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы райондорунда да 11-12-майдагы жаандын кесепетин… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 14, Чүйдө 2, Ошто 1, Жалал-Абадда 4, Нарында 15 учур катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миң 82ге жетти.

Ордо калаада санитардык талаптардын аткарылышына мобилдик бригадалар көз салууда

Ордо калаада санитардык талаптардын аткарылышына мобилдик бригадалар көз салууда. Мэриянын маалыматына ылайык, алар ар бир акимиатта райондук администрациянын жана милиция кызматкерлеринин катышуусу менен түзүлдү.   Алар базарларды, супермаркеттерди, сулуулук салондорун жана башка ишке кирген объектилерди текшерип жатат.   Мэридан белгилешкендей, алардын көбүндө беткап режими сакталбай,… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар арзандоо багытын улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоо багытын улантууда. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 76 сомдон сатып алып, кайра 76 сом 70 тыйындан сатышууда.   Эске салсак, марттын аягында доллар кескин кымбаттап,  рекорддук деп эсептелген 85 сомго жеткен болчу. Улуттук банк серпилүүнү алдын алуу үчүн эл аралык… Кененирээк…