Бишкекте эртеңден тартып SPA-борбор, сауна жана коомдук мончолордун иштөөсүнө уруксат берилет.
Мэриядан белгилешкендей, ишин жанданткан мекемелер санитардык-гигиеналык талаптарды жана
эрежелерди аткарылышы керек. Аларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, администрация жана
кызматкерлер беткап, колкап кийип иштөөсү зарыл. Кардарлар 1,5 метр аралыкты сактап,
санитайзер, антисептик менен камсыздалышы шарт.