Айдоочулардан мыйзамсыз 10 миллион сом чогулткан мамлекеттик кызматкерлер аныкталды

Айдоочулардан мыйзамсыз 10 миллион сом чогулткан мамлекеттик кызматкерлер аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет. Коррупциялык схемага Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын 3 кызматкери шектүү катары кармалды. 2018-жылы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө түйүндөрүнө айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алына турган жабдуу… Кененирээк…

Каракол шаарында дагы коомдук транспорт каттамга чыкты

25-майдан баштап Каракол шаарында коомдук транспорттор өз ишин жандантты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   «Облустук жол кыймылынын кызматкерлери өздөрүнө тагылган милдеттерин таӊкы саат алтыдан баштап аткарышууда. Алар Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы менен бирдикте, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык талаптарын кыйшаюсуз аткаруу боюнча… Кененирээк…

Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө киши эмнени эске алыш керектигин санап берип, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.   Сууга түшүү эрежелери: Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат; Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек; Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;… Кененирээк…

1-июндан тарта Москвада жеңилдиктер күчүнө кирет

Москва шаарында COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөр 1-июндан тарта акырындык менен жоюла баштайт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин Владимир Путин менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.   Собяниндин айтымында, мындай чечим бийлик үчүн оңойго турган жок, бирок шаардыктар эшиктин алдына, сейил бактарга чыгууга… Кененирээк…

Америкада депрессияга түшүп, тынчсыздангандар кескин көбөйдү

Америкада пандемия башталгандан бери депрессия менен тынчсызданууга кабылгандар кескин көбөйдү. Бул тууралуу Washington Post АКШнын Эл каттоо кызматынын изилдөөсүнө таянып жазды. Бюро апрелдин аягында жумушка орношуу, финансы, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүнө пандемиянын тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштаган. Акыркы сурамжылоо 7-майдан 12-майга… Кененирээк…

Парламент президенттин «ун мыйзамына» каршы пикирин колдоду

Жогорку Кеңеш 27-майдагы жалпы жыйынында Кыргызстанга буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзам долбоорун президенттин каршы пикиринен кийин кайра четке какты. «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке карата президенттин каршы пикирин экономика министринин орун басары… Кененирээк…

Алай районунун Гүлчө айылында эс алуу аймагы пайда болду

Алай районунун Гүлчө айылында эс алуу аймагы пайда болду. Ал Курманжан Датка көчөсүнөн Бөкөнбаев, Алымбек Датка жана Нарматов көчөлөрүнө карай созулат. Аны бойлой тарыхый музей, Маданият үйү, мектеп, борбордук китепкана жайгашкан. Гүлбактын узундугу 300 метрди түзөт.   Аны курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Ордо калаада көчө жарыгын оңдоо уланууда

Ордо калаада көчө жарыгын оңдоо уланууда. Иштерди “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы аткарып жатат. Жаңы чырактар Чокморов, Кожомкулов, Шевченко, Тимирязев көчөлөрүндө жана Жал кичи районунда орнотулду.   Белгилеп кетсек, жарандар жашаган жери жарыктандырылбай жатса, ишкананын чалуу борборуна арыз менен кайрыла алат.

Римде көчөгө медициналык беткаптарды жана колкаптарды таштагандарга айып киргизилди

Римде көчөгө медициналык беткаптарды жана колкаптарды таштагандарга айып киргизилди. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, айыптын суммасы 25 евродон башталып, 500гө чейин жетет.   Римде медициналык калдыктарды атайын контейнерге гана салуу эрежеси бар болгонуна карабай, карантин башталгандан бери көчөдө аталган таштандылар арбын болуп жатат.

Ордо калаанын айрым аймагында газ өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймагында газ өчүрүлдү. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 29-майга чейин көгүлтүр от 9-январь, Месароша, Кайназарова, Нуркес, Наманган, Адыр көчөлөрүндө, Дэн Сяопин проспектинде жана 11-12-кичи райондордо жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.