Бишкек жана Чүйдүн 8 мектебинде медициналык кабинеттер ачылат
Бишкек жана Чүйдүн 8 мектебинде медициналык кабинеттер ачылат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, алар компьютер жана муздаткычтар менен камсыздалат. Бул медицина түйүндөрүндө окуучуларга ар кандай жардам көрсөтүлөт. Ведомство буга чейин мындай кабинеттерди ордо калаанын 4 мектебинде ачкан.