Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион машыгууларга ачылды.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, 27-майдан тарта
стадиондо чуркоого уруксат берилди. Анда бардык санитардык нормалар жана
эрежелер сакталат. Ага киргендер 1,5 метр аралыкты сакташы керек. Уруксат
берилген убакыт таңкы жана кечки саат 6 менен 9дун аралыгы. Кирүү акысыз.