Бишкектеги Кокчетавский көчөсү пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаев
novosti.kgге билдирет. Маалыматка ылайык, аталган тилкеге 2 кабат асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилди.
Курулуштун жалпы суммасы 18 миллион сомду түздү. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.
Эске салсак, буга чейин вице-мэр Мирлан Амантуров Кокчетавский тилкесинин
жаңы курулушу 10 жылга чейин жарактуу болот, -деп билдирген болчу.